15.05.2019 13:13
Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев суракка чакырылды
© April.kg
Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев бүгүн, 15-майда Аскер прокуратурасына сурак берүүгө чакырылды. Чакыруу кагазынын сүрөтүн социалдык тармакка Кундуз Жолдубаева жарыялады.
Анда Мусакеев бүгүн саат 15:00гө Аскер прокуратурасына күбө катары келиши керектиги жазылат. Кайсы иш боюнча экени азырынча белгисиз.
Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевге УКМК «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» айыптаган.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: